super.kg logo

Кыргыз өлкөсү талпынып басып келген 30 жыл. Эгемендүүлүк жылдар аралыгында орун алган окуялардан түзүлгөн ТЕСТ

 

Бүгүн, 31-августта кыргыз калкы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өлкө өз алдынча болгондон тартып көп тармактарда түрдүү окуялар орун алып, айтарга арзырлык эмгек жасаган жарандар болду. Тарыхты жараткандар жана тарыхта кала турган окуялар, мындан тышкары дем берген чыгармалар камтылган тесттен өтүп, майрамдык маанайыңызды дагы бир ирет көтөрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Карьерасынын узактыгы менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген кыргыз дарыгери?

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев 2020-жылдын май айында узакка созулган карьерасынын негизинде "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Кийинки суроо


Сабырбек Жумабеков
Мамбет Мамакеев
Эрнст Акрамов

2012-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык кароо сынагында жеңишке жеткен кыргыз ырчысын атаңыз

Түрк тилдүү алты мамлекеттин таланттары катышкан сынакта Гүлжигит Калыков обончу Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу чыгармасын аткарып,баш байгени жеңген.

Кийинки суроо


Жийдеш Идирисова
Кайрат Примбердиев
Гүлжигит Калыков

Айсулуу Тыныбекованын эл аралык деңгээлде өткөн мелдештерден алган алтын медалдарынын жалпы саны?

Айсулуу Тыныбекова эл аралык деңгээлдеги бир катар беттештерге катышкан. Андан алган алтын медалдарынын жалпы саны 7.

Кийинки суроо


5
6
7
8

“Манас” эпосу ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине качан катталган?

Ата-бабалардан баа жеткис байлык катары мураска калган "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2013-жылы катталган.

Кийинки суроо


2012-жыл
2013-жыл
2014-жыл
2015-жыл

2005-жылдын март айында Кыргыз өлкөсүндө болуп өткөн революция кандай аталат?

2005-жылдын 24-мартындагы окуя "Жоогазын революциясы" деген ат менен кыргыз тарыхында калды.

Кийинки суроо


"Баркыт революциясы"
"Байчечекей революциясы"
"Жоогазын революциясы"

Көгүлтүр түстөгү 2000 сомдук кыргыз валютасы канчанчы жылы жүгүртүүгө берилген?

Банкнота Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигинин жана улуттук валютанын 25 жылдык мааракесине арналып чыгарылган.

Кийинки суроо


2017-жыл
2018-жыл
2019-жыл

2011-жылды Кыргыз Республикасынын президенти ... жылы деп жарыялаган.

Алай ханышасынын 200 жылдык мааракесине карата 2011-жыл "Курманжан Датка жылы" деп белгиленген.

Кийинки суроо


Чыңгыз Айтматов жылы
Курманжан Датка жылы
Элетти өнүктүрүү жылы

Кыргыз Республикасынын 5-президенти?

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын 5-президенти болуп шайланган. 24-ноябрда президенттик кызматка киришүү антын берген. 2020-жылдын 15-октярында отставкага кеткен.

Кийинки суроо


Аскар Акаев
Роза Отунбаева
Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алгачкы ирет кайсы жылы өткөрүлгөн?

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүнүн Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 2014-жылдын 9-сентябрынан 14-сентябрына чейин өткөрүлгөн. Анда 19 мамлекеттен келген 583 спортчу күч сынашып, түрдүү өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

Кийинки суроо


2012-жылы
2013-жылы
2014-жылы
2015-жылы

"Курманжан Датка" тасмасынын режиссёрун атаңыз?

"Курманжан Датка" - Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан тапшырылган биринчи тасма. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу баяндалат. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта "Монреаль" кинофестивалында болгон. Тасма Садык Шер-Нияздын режиссёрлугунда тартылган.

Кийинки суроо


Эгемберди Бекболиев
Эрнест Абдыжапаров
Садык Шер-Нияз

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы премьер-министрин атаңыз

Кыргыз Республикасынын алгачкы премьер-министри Насирдин Исанов. Ал 1991-жылдын 21-январында кызматка киришкен. Ушул эле жылдын ноябрь айында ал бара жаткан унааны ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзүп, Исанов көз жумган.

Кийинки суроо


Насирдин Исанов
Апаз Жумагулов
Алманбет Матубраимов
Жоомарт Оторбаев

Баткен кайсы жылы Ош облусунун карамагынан чыгып, облус макамын алган?

Бул убакка чейин Баткен Ош облусуна кирген райондордун бири болчу. 1999-жылы аталган аймакка диний экстремисттердин тобу кирип, өздөрүнүн лагерин куруу аракетин көргөндө ага каршы туруп, ал аракеттерге бөгөт коюлган. Ошол учурдагы президент 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилип, жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленген.

Кийинки суроо


2011-жылы, 7-апрелде
1999-жылы, 13-октябрда
1993-жылы, 5-майда
2021-жылы, 3-мартта

...Кайратыңдан жанбаган, Калың элди барктаган. Эгемендикти энчилеп өмүрүн берген бизге канча адам, ээй ий ий ий, аай ий иий ий ий. Төмөнкү ыр саптар кайсы акынга таандык?

Ырдын сөзү акын Акбар Кубанычбековго таандык.

Кийинки суроо


Бердибек Жамгырчиев
Акбар Кубанычбеков
Алтынбек Исмаилов
Зайырбек Ажыматов

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору кимдер?

Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Саматбек Сыдыков

Кийинки суроо


А.Абдраев, С.Дубанаев, К.Самаков жана Р.Шеримкулов
Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков
Ж.Садыков, Ш.Кулуев, Н.Давлесов жана К.Молдобасанов

Аскар Акаевдин указы менен 1991-жылдын 3-декабрында ... түзүлгөн?

1991-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы түзүлгөн.

Кийинки суроо


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет
Өкмөт
Улуттук гвардия

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
31.08.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа тест коптон бери чыкпай калды эле
31.08.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
60 балл
31.08.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
34элебаллболду
31.08.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
8ката,начар!
31.08.2021. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
74 балл
01.09.2021. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
47 өтө начар, Кыргызстан тарыхын окуп чыгышым керек экен!
01.09.2021. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл
01.09.2021. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
80
01.09.2021. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
94балл
01.09.2021. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчы-ччорчуларды кошпой эле койбопсунар. Кайсы бир кинонун режиссеру ким, Тыныбекованын канча медалы бар ким билсин, анын эгемендикке тиешеси эмне? Олимпиададагы жалпы медалдардын санын сурасанар болмок, Кыргызстандын аймагынын ченеми, калкынын санын сурасанар болмок. Ошолорду да билбеген сататсыздар толтура.
01.09.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3 эн туура адекватный комментарии
01.09.2021. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: