super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчиси Токиодогу кыргыз балы сатылган дүкөнгө барды

 

20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Токионун Асакуса районундагы «Сенсоу-дзи» храмынын атактуу Каминари-мон дарбазасынын артындагы эски соода көчөсүндө жайгашкан «Като Бихоен» компаниясынын дүкөнүнө барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушуунун башында «Като Бихоен» компаниясынын директору Като Дзютаро ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Андан соӊ ал компания Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн балды сата баштаганын жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Като Дзютаро белгилегендей кыргыз балы кымбат баада болгонуна карабастан, Япониянын жарандарынын арасында популярдуулукка ээ болуп жаткандыгына басым жасады.

Өз кезегинде элчи Арстанбаев Кыргыз өлкөсүндө бал экспорттоонун өсүү тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Эки өлкөнүн ишкерлеринин активдүү иши менен 2020-жылдан бери экспорттун кескин өсүшү байкалууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын биринчи жарымында (январь-июнь) Японияга бал экспорттоонун көлөмү 25,2 тоннаны түздү (2020-ж. 15,7 тонна, ал эми 2019-ж. – 13,4 тонна). Элчи компанияларга эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да компанияларга жардам берүүгө даяр экенин айтып өттү.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргыз өлкөсүнүн органикалык продукциясын Японияга экспорттоону мындан ары илгерилетүү боюнча тыгыз байланышта болууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Kato Bihoen" компаниясы 1947-жылы негизделген, кызматкерлеринин саны 226 адам, компаниянын 2020-жылдагы сатуу көрсөткүчтөрү 125 миллион АКШ долларын түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.08.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ушул балды сатып алууда жакшы тааныштан эле албасаң деги эле тазасын таппайсың. Ал турсун Ош базарынан сары май алсак маргарин го
24.08.2021. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапондоргт сатпаш керек биздин балды, эсинердеби бир киносунда инопланеталык баскынчылардын атын кыргыздар деп койгон. Алар бизди баскынчы корот окшойт, сатпагыла, балээни жешсин биздин балды жебей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: