"Эки жылдан бери көрө элек болчу". Акыйкатчы соттолгон аялды балдары менен жолугуштурду
Акыйкатчы институту соттолгон аялга туугандары менен жолугушууга жардам берди. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы институтунун кызматкерлери №2 абагына барганда А.Г. аттуу соттолгон аял эки жылдан бери көрө элек балдары, неберелери менен жолугуштурууну суранган.
"Белгилүү болгондой, абактагыларга жолугуу үчүн келген жарандар ПЦР тестин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Акыйкатчы Токон Мамытов аз камсыз болгон бул үй-бүлөнүн балдары медициналык процедурага акча төлөй албасын эске алып, үч өспүрүмдүн коронавируска тест тапшыруусуна жардам берди. Натыйжада, аталган соттолуучунун балдары жана неберелери аны менен көрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.