super.kg logo

Президент ИИМдин оңдоодон өткөн имаратына барып, атайын жабдуулар менен таанышты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты менен таанышты. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчы ички аскерлердин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков белгилегендей, санариптештирүү алкагында мекеменин бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча көп иштер аткарылган. Президентке эл аралык кызматташуу боюнча расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн-жыйындарды өткөрүү залы, коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студия борбору көрсөтүлдү.

"Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурду.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Патрулдук милициянын жаңы техникалары, алардын ичинде электромотоциклдер, автоунаалар, курал-жарак, портативдик көчмө радиостанциялары жана башка атайын жабдуулар менен таанышты.

Мындан сырткары милициянын участкалык инспекторлорунун жайкы, кышкы, күзгү, жазгы жана күнүмдүк варианттарындагы жаңы формаларынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Алар кызматтык планшет жана көкүрөк-камера менен жабдылат.

Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлеринин эстелигине гүл койду", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: