Бишкекте +34. Эртеңкиге карата аба ырайы
Эртең, 25-августта түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20 , күндүз +29…+34;
Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +27…+32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.

