super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө COVID-19 менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 2021-2023-жылдарга карата COVID-19 менен күрөшүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жайылышынан коргоого системалуу мамиле уюштуруу зарылдыгын белгилеп, 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды, ал программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, министрлер кабинетине сунуштайт.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: