super.kg logo

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон медицина кызматкерлерине коюла турган эстеликтин орду аныкталды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон алдыңкы катардагы дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, дарыгерлердин, медайымдардын жана санитарлардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген ден соолук сакчылары коркунучтуу инфекция менен күрөшүүдө жан аябаган эрдиги түбөлүккө сакталат.

Талкуулоонун жана тиешелүү документтерди кароонун натыйжасында, Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна, тагыраагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: