super.kg logo

Министрлик мугалимдерди предметтик билим берүү стандарттарына окутууда

 

23-августтан 10-сентябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерин математикалык жана табигый илимий билим берүү багыттарынын предметтик стандарттарына окутуу үчүн жыйынтыктоочу окуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул тренингдер 2018-жылдан 2021-жылга чейин өлкөнүн бардык региондорунда 7-11-класстардын 10 000 предметтик мугалимди масштабдуу окутууну камтыйт.

Тренингдер салттуу офлайн режиминде санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда 2020-жылдын ичинде предметтик стандарттар боюнча тренингдер онлайн режиминде өткөрүлгөнүн белгилей кетүү керек.

Тренингдердин жүрүшүндө мугалимдер мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптары, негизги компетенциялар жана алардын жетишүү деңгээлдери, предметтик билим берүү стандарты менен сабактын планынын ортосундагы байланыш маселелери, ошондой эле класста колдонулуучу методдору жана ыкмалары менен таанышат. Окууга Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын билим берүү уюмдарынын математика, физика, химия, биология жана география мугалимдери катышууда.

Тренингдерди техникалык жана каржылык жактан колдоо Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында ишке ашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: