Тышкы иштер министрине ишкерлер экспортту активдүү илгерилетүү керектигин айтышты
24-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин жетекчилиги астында Экономикалык дипломатия боюнча консультативдик топтун отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз мамлекетинин жыйырмага жакын бизнес-ассоциацияларынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, ошондой эле Экономика жана финансы министрлигинин, Инвестициялар министрлигинин, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин, Туризм департаментинин жетекчилеринин орун басарлары жана өкүлдөрү катышты.
Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигине, катышкан мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө өздөрүнүн суроолорун жана сунуштарын узатышты. Бизнес өкүлдөрүн кызыктырган негизги темалар төмөнкүлөр болду:
• экспортту активдүү илгерилетүү;
• бирдиктүү өнүктүрүү банкын түзүү;
• экспортту илгерилетүүнүн ажырагыс бөлүгү катары альтернативдүү логистикалык жолдорду өнүктүрүү;
• экономикалык дипломатиянын маанилүү дирижёрлору болгон ардактуу консулдар институтун колдонуу;
• чет өлкөлүк жарандарга ар кандай уруксаттарды берүү;
• чет мамлекеттер менен экономикалык чөйрөдө келишимдерди түзүү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүү/коргоо жөнүндө макулдашышты. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү бир катар маселелер боюнча Тышкы иштер министрлигинин колдоосу зарыл экендигин белгилешти. Руслан Казакбаев Тышкы иштер министрлиги бизнес чөйрөсү менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосунда ортомчу болууга даяр экендигин билдирди. Иш-чаранын соңунда катышуучулар жолугушуунун маанилүүлүгүн айтып, жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

