"Кызматтардын акысы тууралуу маалымат жеткиликтүү эмес". Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда мыйзам бузуу аныкталды
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда керектөөчүлөрдүн укугу бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктен кабарлады.
Маалым болгондой, аталган агенттик ооруканага пландык текшерүү жасап, керектөөчүлөрдүн укугу жана эки буйруктун (2015-жылдагы жана 2017-жылдагы) бузулганын аныктады.
"Акы төлөнүүчү кызматтардын баасы тууралуу маалымат жарандарга толук жеткирилген эмес. Буга байланыштуу бейтапканага жалпы прейскуранттардын көчүрмөлөрүн кызмат көрсөтүү жерлерине (кеңселерине) жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндө буйрук чыгарылды. Прейскурантта тиешелүү бөлүмдөрдө көрсөтүлүүчү кызматтарды гана көрсөтүү зарыл. Баалар жөнүндө прейскурант кассалардын жанына жайгаштырылышы керек", - деп айтылат билдирүүдө.

