Жылдыз Бакашова ПЧР-анализдин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ПЧР-тесттин жасалма тастыктамаларын берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, Бакашова мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салды.
"Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды. Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир аптанын ичинде мыйзам бузуу фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин мыйзамдарга ылайык кароо тапшырылды.
Мамлекеттик чек ара кызматына кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин, көз карандысыз журналисттер атайын иликтөө материал жасап, анда ПЧР-тесттен өтүү тууралуу, жасалма тастыктамалар тууралуу айтылган.



1 |