Бишкек-Ош жолунда азык-түлүк жүктөлгөн жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти



Жалал-Абад облусунда азык-түлүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 04:27 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 330-чакырымында, тагыраагы Кетмен-Төбө айылында Mercedes-Benz 814 жана Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Mercedes-Benz 814 унаасы толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө ӨКБдан эки бөлүм тартылып, саат 11:10до толук өчүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.