super.kg logo

Министрлер кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди

 

Министрлер кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул президенттин "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыгынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруунун алкагында бекитилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Документ сынактык жана аукцион аянтчаларында 100 пайызы мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилер жана мамлекеттик ишканалар үчүн жер казынасын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби жер казынасын пайдалануу укугун алууда, 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактарга артыкчылыктуу укуктарды берүү нормаларын карайт. Ага ылайык, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:

- мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;

- жер казынасынын аукциондук участоктору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: