Базар-Коргондо рейд учурунда оор жумушка тартылган 14 өспүрүм аныкталды






Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “тилемчилик” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте район аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүн, чатырларын жана башка болжолдуу селсаяктар болушу мүмкүн болгон жерлерди текшерүүгө алышты. Эл көп топтолуучу жайларда тилемчилик кылып, жарандарга ыңгайсыздык жаратып келгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Ошондой эле өспүрүмдөрдүн эмгектин оор түрлөрүнө тартылуусунун алдын алуу максатында соода түйүндөр, базарлар, унаа жуучу жайлар, курулуш объектилери, сейил бактар көзөмөлгө алынды. Аталган жайларда эмгектенип жаткан 14 өспүрүм аныкталып, ата-энелери менен жеринде профилактикалык жумуштар алып барылды.
Ал эми эмгектин оор түрүнө тартылган 3 өспүрүмдүн ата-энесине протоколдор түзүлдү. Райондук балдарды коргоо комиссиясынын кароосуна 9 материал жөнөтүлдү", - дешти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.

