Талибдер Ооганстандын коргоо министри кылып Гуантанамо түрмөсүнө отуруп чыккан адамды дайындады
"Талибан" кыймылы Гуантанамо аралындагы америкалык түрмөнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закирди Ооганстандын коргоо министри кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Абдул Каюм Закир 2001-2007-жылдары Гуантанамо түрмөсүндө болгон. Ал Ооганстанга америкалыктар бастырып киргенден кийин туткунга түшүп калган. Ошол эле учурда ал бошотулганга чейин талибдердин лидерлигинен кетүүгө убада берген. Бирок ал убадасын аткарган эмес жана талибдердин тобун жетектеп, алардын башкы командачысы болгон.
Ошондой эле август айында "Талибандын" өкүлдөрү Кабулга кирип, президенттик сарайды ээлеп алганда кыймылды Закир жетектеген деп болжолдонууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Rifle_I

26.08.2021. 20:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезирээк тынчтык, стабилдүүлүк орносо экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.