super.kg logo

15-сентябрдан тартып окуу процесси оффлайн режиминде башталат

 

15-сентябрдан тартып Кыргыз өлкөсүндө билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн режиминде өтөт. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев белгилегендей, өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, оффлайн режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири – билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70 пайызын эмдөө. Бүгүнкү күнгө карата 55,8 пайызы COVID-19га каршы эмделген, бул 61 миң 457 адам.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана пайызды 70 пайызга жеткирүүнү, ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү, алардын жылытуу мезгилине даярдыгы талкууланды.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышовдун айтымында, COVID-19 пандемиясына карабай, быйыл 59 мектеп жана 12 бала бакчанын курулушу аяктады.

Министрлер кабинетинин башчысы суук аба ырайынын башталышы менен бардык социалдык объектилер жылуулук менен камсыздалышы керектигин белгилеп, билим берүү уюмдарынын жылытуу системаларын оңдоону өз убагында бүткөрүүнү, ошондой эле аларды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
25.08.2021. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогорку окуу жайларчы
26.08.2021. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы бир макалада Душанбе деген соз кездешсе аны Дуйшонбу деп которуп жазасынар.Эми Оффлайн деген созду деле элге тушунуктуу кылып которуп жазгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: