Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды





Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"24-августта УКМК тарабынан кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, пара талап кылуу фактысы менен пара алып жаткан учурда акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору А.Б. кармалды.
Тактап айтканда, К.З. аттуу жарандын арызына ылайык облустун өкүлчүлүгүнө мурда Б.Ж. аттуу жарандан кайрылуу келип түшкөн. Анын негизинде инспекторлор айтылган фактыларды текшерип, К.З. аттуу жарандан текшерүү материалдарын прокуратурага өткөрүүдөн баш тартуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.
Кармалган кызматкер Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

