super.kg logo

“Акыркы көч” тасмасы “Зеркало” кинофестивалынын конкурстук программасына кирди

 

"Акыркы көч" тасмасы Андрей Тарковский атындагы эл аралык "Зеркало" кинофестивалынын сынагына кирди. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынан билдирилген.

Билдирилген маалыматка ылайык, фестиваль 27-31-августта Орусиянын Иваново облусунда өтөт. Ал эми 1- сентябрда улуттук премьеранын жабык көрсөтүүсү болуп, 2-сентябрдан тарта кыргыз кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Тасманы Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргеликте тартышкан. Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калил Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова тартылган. Ал эми Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу киного режиссёрлук кылышкан. Көркөм тасма жалгыз жашаган, пенсионер жазуучу жөнүндө баяндайт.

Белгилей кетсек, “Акыркы көч” тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: