Бишкектин мэрин шайлоо үчүн добуш берүү башталды

Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда мэрди шайлоо күн тартибине коюлган. Бул кызматка бир гана Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Депутаттар мэрликке талапкерге суроолорун беришип, жыйынтыгында добуш берүүгө өтүштү. Айбек Жунушалиев мэр болуп шайланса, аткара турган иштери тууралуу баяндама жасады. Шаарды 4 жылда өнүктүрүү боюнча программаны ноябрь айында сунуштай турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.