Активист калп убада берген саясатчыларды сотко берүүнү сунуштады
Жарандык активист Данияр Өмүрзаков өлкө жарандарынан жаңы кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдан пайдаланып, жалган убадаларды берген саясатчыларды сотко берүүнү суранды. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Келгиле, бизге фейк-убада айтып жана алдап келген саясатчылар менен чиновниктерди сотко берели, анткени бизге мыйзам ушундай укук берет.
Урматтуу Кыргыз эли! Фейктер же “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алганда анча эмне кейидиңер? Андан көрө жалпы баарыңарга биригүүнү жана ушул мыйзамды пайдаланып, бизге дайыма фейк-убадаларды берип келген бардык саясатчыларды сотко берүүнү сунуштайм.
Эгерде алардын убадаларын талдап көрсөк, анда биз кандайдыр бир кризистеги өлкөдө эмес, экономикасы дүйнө жүзүнө таанымал башка өлкөлөргө эч кыйналбай инвестиция салган, өнүккөн алдыңкы мамлекетте жашап калышыбыз керек болчу.
Келген мүмкүнчүлүктү эч качан колдон чыгарбаш керек. Бизге дагы мыйзамдарды бергиле, ал эми биз өзүбүздүн мыйзамдуу укуктарыбызды колдонуп, аларды калктын пайдасына чечмелей баштайбыз! Жалган маалыматка каршы мыйзамды кааладыңар беле? Макул, биз аны толук түрдө фейк саясатчы сөрөйлөргө каршы жүзөгө ашырабыз.
Кошулгула! "Калптын казаны кайнабайт" деген сөз бар эмеспи. Ушуга чейин элди алдап келгендерди өздөрүнүн сөзүнөн кармап, жоопкерчиликке тартабыз", - деп жазды Өмүрзаков.
“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга Садыр Жапаров 23-августта кол койгон.



1 |