Өлкө лидерлеринин чуулгандуу сүрөтү көргөзмөдөн алынабы? Министрликтин жообу
24-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата "Жаңы Соцреализм-2" көргөзмөсү ачылды. Анда аза кийимин кийген Кыргыз өлкөсүнүн алты ажосунун Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун сүрөтү уу-дуу жаратты.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги талкууга жем таштаган сүрөттү көргөзмөдөн алып салууну сунуштаганы айтылды. Бул боюнча мекеменин басма сөз кызматына байланышканыбызда, сүрөт алынбай турганын белгилешти.
Белгилей кетсек, көргөзмө 7-сентябрга чейин уланат. Анда өлкөнүн тарыхы, анын ичинде Баткен окуяларынан "Токио-2020" жайкы Олимпиадасына чейинки эскиздер камтылган.
кошулду







1 |