Кыргыздардын катышуусундагы кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу... Орусияда мигранттарга, алардын жакындарына кеңештер берилди






Орусияда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу мигранттарга, алардын жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, жолугушуу 25-августта болду.
"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз мигранттары тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө, коомдук тартипти бузууга, массалык мушташтарга катышуусу талкууланды.
Ошондой эле жазык ишин кароо тартиби, соттолгондордун укуктары, жазык мыйзамында далилдөө, жазаны дайындоо жана өтөө, соттолгондорду жазасын Кыргыз Республикасына өтөөгө которуу тартиби боюнча кеңири юридикалык кеңештер берилди. Консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн соттолгон Кыргыз жарандарынын ата-энелеринин ар бири менен жеке иш жүргүзүлдү.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери катышып жаткан жарандардын бардык суроолоруна жооп беришти. Андан тышкары москвалык жактоочу да кармалгандардын, камакка алынгандардын жана соттолгондордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу катышуучуларга айтып берди", - деп айтылат билдирүүдө.
Кылмыштардын алдын алуу максатында элчилик Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарын мыйзамдарды сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.