Баткен менен Өзбекстандын Сох районунун акимдери жолукту




Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Өзбекстандын Сох районунун акими С.Саидмусаев жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматкери Гүлкайыр Эргешова билдирди.
"Жолугушууда эки тараптын чарбалык, чек аралаш аймактарда мыйзамсыз курулуштар, жол, чек ара өткөрүү бекеттеринен өтүү эрежелери, жайыт, эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды. Жолугушууга Кыштут, Суу Башы айыл өкмөтүнүн башчылары, Кадастр филиалынын жетекчиси, ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы, чек ара жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Жолугушуу мыкты деңгээлде өтүп, бир катар чарбалык маселелер ордунда чечилди", - деди Эргешова.
Район акимдеринин жолугушуусу Баткендин Кыштут айыл өкмөтүнүн Күңгөй Там жери менен Өзбекстандын Сох районунун Хущъяр айылы чектешкен аймакта болуп өткөн.

