Кайрымдуулук концерт өтөт. Андан түшкөн каражат Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаевдин дарылануусуна жумшалат
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 3-сентябрь күнү кайрымдуулук концерт орун алат. Театрдын хору дүйнөлүк опера классиктерин, советтик композиторлордун сүйүктүү жана популярдуу чыгармаларын аткарат.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук концерттен түшкөн каражат Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаевдин дарылануусуна жумшалат. Бул тууралуу театрдын адабий-драмалык бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Иш-чаранын жүрүшүндө чогулган бардык каражат театрдын аксакал кызматкери, хор артисти, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаевдин дарылануусуна багытталат.
Таланттуу вокалист, боорукер адам жарым жылдан ашык өмүрү үчүн күрөшүп келет.
Ал химиотерапиядан өтүп, нур терапиясын баштады. Биз камкор адамдарга кайрылабыз, досубузду жана кесиптешибизди айыктырууга жардам бериңиздер. Кыйын учурда Рыспекти жана анын үй-бүлөсүн колдоп, тез сакайып кетишин тилейли", - деп жазылган билдирүүдө.

