super.kg logo

Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну баштады. Анда түрк дарыгерлери кызмат көрсөтөт

 
Кыргыз-Түрк достук ооруканасы бүгүн, 26-августта эшигин ачып, бейтаптарды кабыл алууну баштады.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, август айынын башында өлкөгө Түркиядан 30 дарыгер, техникалык адистер келишкен.
"Ооруканада жогорку технологиядагы операциялар жасалып, жарандарыбыздын чет өлкөгө барбай эла дарылануусуна шарт түзөт. Медициналык жай баштапкы этапта кардиологиялык жактан оорусу барларды кабыл алат. Учурда ооруканада түрк дарыгерлери иштейт, ал эми министрлик тарабынан жергиликтүү кызматкерлер дагы ишке алынат. Келишимге ылайык, бейтапкананы 3 жыл бою Кыргыз өлкөсү Түркия менен биргеликте башкарат. Адистештирилген медициналык жай болгондуктан дарыгерлердин, ооруканалардын көрсөтмөсү гана бар бейтаптар кабыл алынат. Дарылоо процесси мамлекеттик кепилдик программасы аркылуу жүргүзүлөт. Октябрь-ноябрь айларында жалпы хирургия жана гастроэнтрология бөлүмдөрүн ачууну пландап жатабыз", - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 72 орун болсо, анын 21и кайра жандандыруу бөлүмү үчүн каралган. Бул жайда компьютердик томография, ангиограф, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдыктары, гастроскоп, эхокардиограф жана башка диагностикалык жабдыктар бар.
Ал эми медициналык кызматтардын акысы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан бекитилди. Чет элдиктер үчүн медициналык кызматтардын баасы өзүнчө болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: