super.kg logo

Жалал-Абадда 1-августтан бери Абдырахман Турсунбаев дайынсыз болуп изделүүдө

 

Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасынын тургуну 1987-жылы туулган Абдырахман Турсунбаев 1-август күнү эч себепсиз үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Учурда Абдырахман Турсунбаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Абдырахман Турсунбаев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Байланыш теелфону; 102, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: