Айдоочуларга эскертүү! Борбордук көчөлөр жана эски аянт убактылуу жабылат
Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү боюнча борбордук жана Турдакун Усубалиев атындагы аянттын айрым көчөлөрү бүгүн, 26-августта саат 17:00дөн тартып 22:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн иш-чараларды өткөрүү учурунда борбордук аянтка чектеш көчөлөр: Чүй көчөсүнүн Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралык.
Ал эми Турдакун Усубалиев атындагы аянт Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралыгы бүгүн кечки саат 17:00дөн тартып, 22:00гө чейин убактылуу жабыларын эскертет.
Ошондой эле эртең, 27-августта Турдакун Усубалиев атындагы аянт (эски аянт) кечке чейин жабык болорун эскертет.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, жолго чыгууда алдын ала пландап башка жолдор менен жүрүүнү маалымдайт.

