super.kg logo

Азия чемпиондугунда индиялык мушкерди жеңген Максат Чекирбаев: "Кубанууга али эрте"

 

Бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусунун Корумду айылында ММА боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи өтүп, мелдеш расмий түрдө ачык деп жарыяланды.

Азия чемпиондугунда алгачкы беттешинде индиялык атаандашын жеңген 23 жаштагы кыргыз мушкери Максат Чекирбаев ал үчүн жеңиш оор болгонун айтат.

"Беттешке 5 ай даярдандым. Алгачкысы жеңил болду. Биринчи раундда эле индиялык атаандашымды жеңдим. Бирок кубанууга али эрте. Алдыда дагы 3 атаандашым бар. Кудай буюрса, жеңишке жетем деп ишенип турам. Буга 2021-жылы май айында өткөн өлкө чемпиондугунда жеңил салмактагы спортчулар арасында күмүш медаль уткам. Казакстандан келген спортчулар жакшы көрсөткүч көрсөтүүдө. Даярдыктары мыкты экени байкалып жатат. Бирок кыргыз спортчуларында мүмкүнчүлүк бар", - дейт Жалал-Абад облусунан келген мушкер.

Азия чемпиондугуна 12 өлкөдөн келген 140 мушкер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: