super.kg logo

Акыйкатчы институту УКМК кармаган кызматкери боюнча маалымат таратты

 

Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Бул окуя боюнча Акыйкатчы институту маалымат таратты.

"Акыйкатчы аппаратынын инспектору А.Б. 1956-жылы 1-октябрда туулган. Ал 2011-жылдын 30-ноябрында Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө кабыл алынган.

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып 65 жашка чыкканда, ал мамлекеттик кызматтан пенсияга кетүүнү көздөгөн. Ал Акыйкатчы аппаратына кызматка келгенге чейин комсомолдук уюмдарда, айылдык кеңештин төрагасы, мектептин директору кызматтарын аркалаган.

2021-жылдын май айында Ысык-Көл облустук саламаттыкты сактоо мекемесиндеги жумушунан мыйзамсыз бошотулгандыгына нааразы болуп Акыйкатчы аппараттын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө Б.Ж. аттуу жаран кайрылган. Бул арызды изилдөөдө эмгек мыйзамдарынын бир катар бузуулары табылган. Жумуштан бошотулган учурда ага эмгек акы төлөнгөн эмес жана аны иштен бошотуу буйругу менен тааныштырышкан эмес. Райондук саламаттыкты сактоо түзүмүнүн башчысы өзүнүн буйругу менен жогорудагы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерге "эскертүү" жарыялаган. Ошондой эле ал жактан Акыйкатчы аппаратына эсеп бухгалтери эмгек өргүүсүндө болгондуктан, жумушка келгенден кийин карала тургандыгын билдиришкен. “Эскертүү” түрүндө жаза алган кызматкер К.З. кийин жогоруда аталган кызматкер А.Б.га карата укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда К.З. менен Акыйкатчы аппаратынын инспектору А.Б. экөөнүн ортосунда болгон окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, тергөө кийинки окуялар кандайча өнүгүп жатканын иликтеп жатат. Акыйкатчы институту тергөө иштерине кийлигишпейт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.08.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1956-жылы туулган дейт. Дагы деле чалдар иштеп жүрөт блиин, качан жаштарды тартып, үйрөтүп, тажрыйба алдыртып иштетесиңер?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: