super.kg logo

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

 

Президент Садыр Жапаровго судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Ысык-Көл облусу: Ысык-Көл райондук сотуна: Акматова Мээрим Маматкадыровна; Жусупбекова Космира Айтакуновна;

– Түп райондук сотуна: Астаев Батырхан Алтынбекович;

– Тоң райондук сотуна: Сыдыгалиева Асел Бабановна;

– Жети-Өгүз райондук сотуна: Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

– Бишкек шаары; – Биринчи Май райондук сотуна: Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
26.08.2021. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын баары эле 5-6 жылдан берки элдин канын, жанын, и акчасын соруп келе жаткан эски коррупционерлерго. Кайра ордуларында калган экенда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: