Нарында өткөн "Шырдак" фестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчү 80 жашта








Нарын шаарында эки күн өткөн “Кыргыз шырдагы-Х” жана “Оймо” фестивалдары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун басма сөз кызматынан билдиришти.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Нарын шаарындагы Шералиев атындагы искусство мектебинде өткөрүлдү. Биринчи орунга “Сайма шырдак” номинациясы менен Ат-Башы районунун 80 жаштагы тургуну Гүлай Мамбеталиеванын шырдагы татыктуу болуп, 50 миң сом байге менен сыйланды.
Экинчи орунду “Такта шырдак” номинациясы менен Ат-Башы районунун тургуну Орозбүбү Мамбеталиева жеңип алып, 40 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду.
Ал эми үчүнчү орунду “Шырымал шырдак” номинациясы менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Салтанат Курманкулова ээлеп, 30 миң сом байгеге арзыды.
Мындан сырткары 3 шырдакка 20 миң сомдон, 4 шырдакка 10 миң сомдон, 4 шырдакка 5 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.




1 |