Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 9 миң милиция кызматкери камсыздайт
Ички иштер министрлиги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-августтан 1-сентябрга чейин ички иштер органдары менен ИИМдин Ички аскерлер кызматы күчөтүлгөн режимине өтүшөт.
Жалпысынан майрамдык жана маданий иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого 9 миңден ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тартылат.
Борбордо жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү региондордо ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча деталдуу иш планын иштеп чыгышкан.
Ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине өздүк курамга кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту жана кесиптик этиканы сактоо боюнча тескемелерди өтүү тапшырылды.

