5 жыл мурун: Москвадагы өрт, 14 кыргыз кыз-келиндин өлүмү
Мындан 5 жыл мурун, тагыраагы 2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан өрт чыгып, натыйжада 17 адам түтүнгө ууланып каза болушкан. Кийинчерээк алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар экени аныкталган. Арасынан 14ү Кыргыз жарандары болсо, үчөө Орусия жарандыгын алган кыргыздар болгон. Алтуфьев шоссесинде жайгашкан бул басмакана "Печатный экспресс" ишканасына таандык экени аныкталган.
Басмакананын ичинде кагаздар көп болгондуктан, өрт бат эле тутанып кеткен. 14 кыз-келиндин эң эле улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 18ге толо элек өспүрүм кыз болгон. Айрымдарынын артында 2-4 баласы бар экендиги аныкталган. Эки күндөн соң ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 29-август күнүн аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, шаан-шөкөттөр токтотулуп, өлкө желеги бул күнү Кыргыз жеринде желбиреген эмес.
Ал эми 2016-жылдын 22-декабрында 14 кыргыз кызынын өмүрүн алган өрттө Кыргыз жарандарын куткарууда көрсөткөн каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын жарандарын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо салтанаты болуп өткөн.
Бул өрт кырсыгы боюнча "өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде “Печатный экспресс” басмаканасынын башчысы Сергей Москвин, башкы инженер Антон Яцков камакка алынган. Сот аларды күнөөлүү деп таап Москвинди 2 жарым жылга, Яцковду 3 жарым жылга эркинен ажыраткан. Бирок чыгарылган сот өкүмүнө каза болгон адамдардын жакындары нааразычылык билдирип чыгышкан.
КАЗА БОЛГОНДОРДУН ТИЗМЕСИ
1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынан;
2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин шаарынан;
3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айылынан;
4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынан;
9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынан;
12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Алабердиева Кыял Дөөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ак-Суу районундагы Челпек айылынан;
14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынан.
27-августка карата жылнаама.

