super.kg logo

Балдарына өз атын берген Алтын Капалова соттон утулду

 

Балдарынын метрикасындагы "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган активист Алтын Капалованын иши сотто каралды. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

"Мен кечээ соттон утулуп калдым, сот менин ысымымды балдардын документинен алып салуу тууралуу чечим чыгарды. Биз балдарды төрөп, бирок өз атыбызды бере албайт экенбиз. Соттошууну мындан ары да улантам", - деп жазган ал.

Эске салсак, жарандык активист Алтын Капалова 2020-жылдын 30-декабрында үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Анда атасынын ысымы жазыла турган жерге өзүнүн атын жазган. Ал муну балдарынан кабар албаган атасын көп жылдык соттук отурумдардан кийин аталык укуктан ажыратып, ушундай чечим кабыл алганын түшүндүргөн.

Ал эми мамлекеттик каттоо кызматы Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Документ берүү жол-жобосунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.08.2021. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коомдун ириткиси
27.08.2021. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Datka7777,сен чириткиси
27.08.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эркек
27.08.2021. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Обу жок
27.08.2021. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Еврейлер апасына карайт улуту, биз Кыргызбыз аталар сактап калган жерде жашайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: