super.kg logo

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленет

 
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, чет өлкөдөгү мекемелер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө үчүн бир катар коомдук маанилүү маданий иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаралар Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Улуу Британия, Германия, Бельгиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринде башталды. Жазуучунун 85 жылдыгына карата “Эскерүү кечелери”, тегерек столдор, окурмандык конференциялар, форумдар, сынактар, көргөзмөлөр, Кыргызстандын маданият чеберлеринин концерттери, кыргыз тасмаларын көргөзүү өттү. Москвада Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузулду. Ошондой эле жазуучунун ысымын Анкара шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу маселеси макулдашылды. 2013-жылы ноябрь-декабрь айларында мааракелик иш-чаралардын түрмөгү кызматташтыктын алкагында Түркия, Малайзия, Иран, Сауд Арабиясы, Япония, Америка Кошмо Штаттары, Индия, Дубай, Кытай, Пакистан, Германия жана Австрия мамлекеттеринде уланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
02.11.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз жолдошум экообуз биринчи жолу Орусиянын Свердловск шаарына келгенибизде квартиранын хозяйкасы айткан эле; "мен Кыргызстан дегенде Чынгыз Айтматов эсиме келет себеби анын китептери менин уйумдо бар.мен анын чыгармасын коп окудум"-деп.Биз ошондо аябай сыймыктанганбыз.Залкар жазуучубузга таазим!!!!!!!!!
02.11.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да учурда Москва шаарында окуп жатамын, китепканада атайын китеп болумчосу бар, ошол жерден атактуу жазуучулардын китептеринин арасынан Ч.Айтматовдун чыгармаларын коргонумдо озумчо кубанып сыймыктанып кеттим.
02.11.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын сыймыгы!
02.11.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы саамалык экен
03.11.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай залкар адамдар дагы чыкса екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: