Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду
Мамлекет башчы Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 11-апрелде өткөн референдумда жаңы Конституциясы кабыл алынган (президент 2021-жылдын 5-майында кол койгон). Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.
"Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат.
Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы менен дайындоого мүмкүндүк берет.
Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

