super.kg logo

Ишкерлер менен инвесторлорду колдоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди

 

Президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Документ менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, чарба субъекттердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынды.

Иш-чаралар планы өзүнө 16 милдетти аткарууну камтыйт, алар төмөнкүлөргө багытталган:

  • инвестициялык объекттердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
  • негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү жолу менен салыктык башкаруунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
  • экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү методикасын иштеп чыгуу;
  • укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (ишкерлерди жана алардын жеке менчигин колдоого жана коргоого басым жасоо менен);
  • лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бирдиктүү электрондук порталын түзүү, лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: