super.kg logo

Лейлек районунун Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди (фото)

 

Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин 6-майда мамлекет башчысы Баткен облусунан кабар алган учурда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын билдирген.

Садыр Жапаров чогулган элдин алдында сүйлөп жатып аларды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө белгилегендей, эгемендүү өлкөгө, көз карандысыз мамлекетке ээ болуу кандай гана эл болбосун улуу бакыт! Мекендин эгемендиги – бул мамлекеттин тынчтыгы, аймактык бүтүндүгү. Баткен облусундагы чек арада акыркы жолу болуп өткөн каргашалуу окуяда кыргыз эли биримдиктин үлгүсүн дагы бир ирет даана көрсөттү. Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан мекендештерибиз жүрөгү менен жардамга колун сунушту.

"Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жаракат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен үйлөр курулду. Айылдардагы бир топ чечилбей турган социалдык маселелер четтен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү делген шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров кыргыз мамлекети кыйын күн кечирип жатканда эбегейсиз жардам көрсөткөн боордош түрк элине жана Түркия мамлекетинин жетекчилигине жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз эли бул жылдар ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме, анын ичинде сиздерге миң мертебе алкыш айтам, таазим этем. Өлкөбүз тынчтыкта жана экономикасы өнүккөн мамлекет болсун. Бул үчүн биргелешип аракет кылалы. Биз тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз. Муну дүйнө жүзү билет", - деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарга кайрылып, эми коркпой жашай берүүгө болорун айтты. Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат.

"Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте кошуналык мамиледе жашашыбыз керек", - деди Садыр Жапаров.

Ал окуялардан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңы үйлөрүнө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү тургундары жана чек ара окуяларында жабыр тарткан 140 үй-бүлө катышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(5)
27.08.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Бул үйлөр кышында бираз жылуулук өчсө холодильник болуп калат. Андан көрө чийки кыштан эле салып берсе болмок. Он-он беш жылдан кийин бул үйлөрдүн сапаты жоголот. Биз дал ушундай үйдө он жыл жашадыкко, акырында бузуп, кыштан үй салып жашап жыргап калдык. Бул алдамай үйүңөр жыргатпайт жеп жутар бийлик.
28.08.2021. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Pankration_MMA,ар нерсени доорубой колундан келсе бир там куруп бербейт белен.Колундан келбейби котту бекем кысып отура бер да.
27.08.2021. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Салып бербей койсо деле өзүлөрү салмак да, ушуга рахмат
28.08.2021. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Siren90,оз чонтогунон салып бергендей айтасынар да,салбай койгонго эч кандай акысы жок,бийликтегилердин туура эмес суйлогонунон оз элин коргой албаганынан болду ушул окуялар.
29.08.2021. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул үйлөрдү салып берген "Ихлас" компанияга тагыраагы Осмоновдорго Аллах ыраазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: