super.kg logo

Президент Баткендеги чек арага чектеш жердеги социалдык инфраструктура калыбына келтирилиши менен таанышты

 

Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Садыр Жапаров Максат айылынын социалдык объектилерин - милиция пунктун, фелдьшердик-акушердик пунктун, футбол талаасын, ошондой эле оңдолгон мектепти көрүп чыкты.

Мындан сырткары, президентке айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши жана курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди.

Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду.

Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашты.

Жергиликтүү тургундар социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү маселесин ыкчам чечип беришкендиги үчүн мамлекет башчысына жана өлкө жетекчилигине ыраазычылыктарын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
27.08.2021. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент келет деп аябай эле катуу даярданыштыга Лейлектин чондору, Сулуктунун мэринин шахтасынын оор жук ташуучу унааларын алып барып иштетип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: