super.kg logo

Эгемендүүлүк майрамында Бишкекте коопсуздукту 2 миңдей милиция кызматкери камсыздайт

 

Бишкекте Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөдө 2 миңдей милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылат. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашып, башкармалыктын жетекчиси Азамат Ногойбаев өздүк курамдын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн белгиледи.

Белгилүү болгондой, Азамат Ногойбаев Эгемендүүлүк күнүндө салтанаттуу иш-чаралар учурунда коопсуздукту жогорку деңгээлде аткарууну тапшырды.

"Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарынын аймагында 2 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн милиция кызматкерлери жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди да сактоого чакырат.

Ал эми Азамат Ногойбаев кызматкерлерге сак болууну, сылык болууну, коомдук тартипти көзөмөлдөөнү, мыйзамды жана тартипти бузбоону тапшырды. Ошондой эле милиция кызматкерлери жарандардын жана борбордун конокторунун жеке мүлкүн коргоого чоң көңүл бурушу керектигин баса белгиледи", - дешти мекемеден.

Бишкек ШИИББи жарандардан милиция кызматкерлеринин коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: