Президент Садыр Жапаров суучул Владислав Шуликону Ысык-Көлдү сүзүп өтүүдө дүйнөлүк рекорд коюшу менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусунда иш сапары менен жүрүп, алты күндө Ысык-Көлдү сүзүп өтүп дүйнөлүк рекорд коюшу менен суучул Владислав Шуликону телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы Владислав Шулико 181 чакырым узундуктагы Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, болуп көрбөгөндөй эрдик жасаганын белгиледи.
«Бардык кыргыз эли, анын ичинде мен дагы алты күн бою созулган көлдө сүзүүңүздү кабатыр болуп карап жаттык. Сиз койгон рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыз. Сизге чейин мындай сүзүүнү эч ким жасаган эмес. Сиздин чеберчилик, өжөрлүк жана мекениңиз – Кыргыз Республикасын таанытууга болгон эркиңиз коюлган максатка жетүүгө жардам берди», - деп белгиледи президент сүйлөшүү учурунда.
кошулду






1 |