Ички иштер министри Улан Ниязбеков Лейлектеги курулуп жаткан милициянын имараттары менен таанышты



Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек районундагы курулуп жаткан милициянын имараттары менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-августта министр Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барып, апрель окуяларында талкаланган милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жана милициянын аймактык пунктунун курулуш иштери менен таанышты.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын апрель айынын аягында чек арага чектеш аймактарда куралдуу кагылышуу болуп, анда бир катар имараттар талкаланып, жараксыз абалга келген.
Учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жана Арка-2 айылындагы милициянын аймактык пунктунун курулуш иштери менен таанышты.



1 |