super.kg logo

"79 жашын уул, кыздары, небере, чөбөрөлөрү чогулуп белгилейбиз деген аруу тилегибизди таш капты". Ырысбек Жабиров апасын жоктоду

 
Белгилүү режиссёр Ырысбек Жабиров 25-августта апасынан айрылды. Асманы кулап турган режиссёр апасы 79 жаш курагында дүйнө салып кете бергенин айтып эскерди.
"25-август. Менин балалыгым токтоду. Күндө телефон чалып мени сурап турган, күндө менин амандыгымды Кудайдан сурап, дуба кылып турган тирегим түбөлүк жакка кетти.
25-август. Мен үчүн нечендеген түн уйкусун кечип, чарчаса бешикке башын жөлөп уктаган, тамак жеген колдору менен жийиркенбестен авратымды тазалап өстүргөн жападан жалгыз асылым, менин жылдызым жерге түштү.
25-август. Бейишимдин туулган күнү эле. Буюрса, 79 жашын 8 кызы, 2 уулу, 47 небереси 18 чөбөрөсү чогулуп белгилейбиз деген аруу тилегибизди таш капты. Жөлөгүм өз туулган күнүндө бизди таштап атабыздын артынан кетти. Бул күн мен эс тарткандан бери эң кубанычтуу күн эле мага. Бүгүн бул күн мен үчүн азаптуу, армандуу күнгө заматта айланды.
25-август. Ушул асманым кулап турган күнү социалдык тармактардан мага көңүл айтып, кайгымды тең бөлүшкөн жакшыларга терең ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздерге өзүнчө жооп жаза албай калганым үчүн кечирим сурайм.
25-август. Бүгүндөн баштап Жараткандан жалбарып суранарым... Апамдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Билип, билбей кылган күнөөлөрү болсо, Аллахым өзү кечирип, кабырын кенен, сурагын жеңил кылсын", - деген билдирүүсүн калтырды режиссёр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
28.08.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайы жаннаттан болсун. Апаларыбыздын өмүрү узун болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: