super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы тийиштүү жетекчилерге 4-кварталдагы планды аткаруу боюнча тапшырма берди

 
Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев казынанын планын аткаруу маселеси боюнча чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Чогулушка каржы министри Ольга Лаврова, Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Адамкул Жунусов катышты.  Өкмөт башчы Мамлекеттик бажы жана Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилерине кийинки жуманын башына коллегиянын чыгарган чечими аткарылгандыгы тууралуу отчёт берүүнү айтты. “Салык жыйноо боюнча планды аткарбагандарга тиешелүү чаралар көрүлүшү керек”,- деди премьер-министр. Мындан сырткары премьер-министр жетекчилерге 4-кварталда планды 100 пайызга аткаруу тапшырмасын берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: