super.kg logo

"Мындай жоготуунун орду толбойт". Президент тажиктердин кол салуусунан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган үйлөр менен таанышты

 

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аталган окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчадан кабар алды.

Мамлекет башчысы зарыл тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыкты. Ошондой эле көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу орнотулган. Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда.

Садыр Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен бирге куран окуду жана алардын жакындарына дагы бир жолу көңүл айтты. Алар менен баарлашып жатып бул 36 үй трагедияда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн колдоо максатында курулуп жатканын белгилеп, аларда өз элин сүйгөн, мекенин коргоого даяр уул-кыздар чоңоюшун каалады.

"Элим менен кошо менин да жүрөгүм канап турат. 28-30-апрель күндөрү Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуяда алар Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, аны көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти көкүрөгүнөн чыгарбай, эл-жерди коргойм деп жан беришти. Ооба, кандай гана колдоолорду көрсөтпөйлү, орду толгус мындай оор жоготуунун орду толбойт. Эр-азаматтарыбыздын ата-энеси, жакындары, жубайы, балдары эл көзүнө жылмайганга аракет кылганы менен, бүгүн да ичтеринен сызып, аттиң деп арман кылып турушат", - деп айтты Садыр Жапаров.

Ал оор учурда өлкөнү сатпаган элдин ишеничтүү уулдарын тарбиялаганы үчүн туугандарына терең ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилигинин умтулуусу, максаты жана аракеттери Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүгө багытталганын, ошондой эле тынчтык жана ынтымакты сактоого аракеттер көрүлгөнүн белгиледи.
Шаарчанын тургундары жана курман болгондордун туугандары президентке колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришип, анын ишине ийгиликтерди каалашты жана көйгөйлөрүн айтышты.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун трагедия курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча демилгесинин алкагында үстүбүздөгү жылдын жазында Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталында жер тилкесин бөлүп, жергиликтүү компаниялар бардык шарттары бар үйлөрдү куруу милдеттемесин өздөрүнө алышкан. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
28.08.2021. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жылуу болот болду ьекен
30.08.2021. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун уйлор курулуптур сыртынан караганда.Сапаттуулугу да ошого жараша болсокен.Кандай зангыраган уйлорду орттоп кеттиго ит тажиктер.Кудайым дурболон ойго бат эле салып крйду мына эми качан талибан кайсыл жерден кирип келер экен деп андып олтурушат.Уйлордо жалан тойлор болсун,кудайга шугур угунчалыгына да,кудайым ден-соолук берип турса бул уйлор хан сарайга айланат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: