super.kg logo

Бишкекте инспектор айдоочуну атып алган окуянын видеосу жарыяланды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну кокусунан атып алган окуянын видеосу интернет желесине тарады.

Анда унаада отурган айдоочу менен кайгуул кызматкери сүйлөшкөнү, бир аздан кийин инспектор протокол толтуруп жатканы, бул учурда айдоочу унаасын айдап кеткенин көрүүгө болот. Бир нече мүнөттөн кийин айдоочу кайра келгени, алардын ортосунда сүйлөшүү болгону, көп өтпөй инспектор тапанчасын алып чыкканы байкалат.

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(4)
28.08.2021. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоонун тен чоон куноосу бар,биринчиси мыйзамга баш ийип,сылык суйлоп мин кыйын болсон да.
Экинчиси инспектор озунун омуруно коркунуч болгондо кана куралды биринчи окту асманга андан кийин болбосо кол же бутуна атыш керек эле.Кызылууктун,менменсигендин айынан бири очуп экинчи тагдыр талкаланды.
28.08.2021. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман белгиси болор болбос нерсеге кан тогулот
28.08.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып чыгып эле атып салыптвр го кинодогудай эле..камаш керек омур бою
28.08.2021. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээ леп атса деле кокусунан болуп эсептеле береби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: