super.kg logo

"Досубуз намаз окуганга барган". Инспектордун огунан каза болду делинген айдоочунун достору Ташиевге кайрылуу жасашты

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну кокусунан атып алып, айдоочу алган жаракатынан улам каза болду. Окуя боюнча маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасашты. Видео социалдык тармактарга жарыяланды.

"Кайрылуубуздун максаты - биздин досубуз Чыңгыз Абдраевдин өлүмү боюнча ишти Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алсын. Досубуз мечитке намаз окуу үчүн барган. Ал жол эрежесин бузганы үчүн кайгуул кызматкерлери токтотушкан. Белгилей кетүүчү жагдай, кайгуул кызматкерлери төртөө болгон. Сүйлөшүү учурунда айдоочу менен инспекторлордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Андан кийин инспектор эч кандай эскертүүсүз эле табелдик тапачасын алып чыгып ок аткан. Досубуз эч кандай агрессия көрсөткөн эмес, куралы да жок болчу. Эң өкүнүчтүүсү жабырлануучуга кайгуул кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн эмес, ал эми "Тез жардам" кызматы 40 мүнөттөн кийин келген. Бул учурда досубуз каза болуп калган. Ага чейин күбөлөрдүн бири жабыркаган адамды ооруканага жеткирели дегенде инспекторлор тергөө башталат деп баш тартып коюшкан", - дешет кайрылгандар.

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.

Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
28.08.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Коопсуз шаар долбоорунун камералары,иштеп жаткандан кийин булар неге тозузат билбейм...элди бир жагынан камера,бир жагынан менттер тоноп бүтмөй болуштуго,
28.08.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Досунарды жондон атпаса керек озун герой сезгендерден болсо керекда
28.08.2021. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
aibekkk,андай дебе, эгерде ошол адам сенин бир тууганын же атаң болсо эмне дейт элең. Кыскасы шоферлорго да, менттерге да чооң сабак болду го дейм.
29.08.2021. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibekkk,малсынбы же адамсынбы сен?
29.08.2021. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibekkk, ещё один психически неустойчивый. И тебя нужно взять на учёт.
28.08.2021. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кысыш керек закон. Буздунбу башын менен жооп бер штраф жаздыр кысып кет корондоп тоготпойбуз албетте кошуна мамлекет тогтпойт да
28.08.2021. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Инспекторлордун тошундо мини камера болчу беле?Ошону караш керек.Эмне болгонун.Анан каза болгон жигит эгер Намаздан чыкса согушуп урушпай эле сабыр кылып протокол жаздырып алып кете берсе болмок.
28.08.2021. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farkhat07.05.89, Туура айтасың. Намаз окуса, анда мыйзамды сабырдуулук менен сыйлап, 500 сомдук штрафты жаздырып эле кетип калбайбы короңдобой!!!
29.08.2021. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pankration_MMA, "короңдогон" үчүн атып салыш керекпи анан?! Мыйзам жөнүндө сабатың жок болсо, бул жерде караңгылыгыңды көрсөтпөй эле койсоң болмок.
28.08.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тортоо бир кишиге алы жетпейби?.
Аткан кызматкер камалсын
28.08.2021. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Раз эрежени буздуңбу, штрафты төлөп кете берда, болгону 500 сом же 1000 сом төлөйсүң, ошого да тополоң кылып, бой көтөрөсүңөр блин киргиздер. Кыргызча сүйлөсөңөр өлөсүңөрбү???
29.08.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pankration_MMA,Акыл эсин ордундабы сенин?
29.08.2021. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал колдонгондугу жана адам өлтүргөндүгү үчүн МАИ кызматкери мыйзам түрүндө жазасын алыш керек. Ал эми каза болгон жигиттин жакындарына сабыр тилейбиз. Ой кетет экен МАИ кызматкери жөн эле турган адамды пистолетин сууруп чыгып эле атып салбаса керек деген. Сөз талашпай койсо тирүү калат беле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: