"Каракол шаардык сотунун мурдагы төрагасы медицина кызматкерлери менен урушту". Бул боюнча облустук сот түшүндүрмө берди

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, окуя 25-августта орун алган.
"Баласын массажга алып келген кардар менен дарыгерлердин ортосунда уруш чыккан. Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында медицина кызматкерлери менен урушкан адам Каракол шаардык сотунун мурдагы төрагасы И.Р. Иманбеков деген билдирүүлөр тараган. Бирок 2021-жылдын 24-августунан баштап И.Р. Иманбековдун судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мөөнөтү аяктаган. Себеби судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн сынактан өткөн эмес. 2021-жылдын 20-августунан баштап ал дарыланууда болгон", - дешти облустук соттон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.