Эгемендүүлүк күнүнө карата Алай районунда социалдык имараттар ачылды















Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Алай районунда социалдык имараттар ачылды. Бул тууралуу Алай райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Кошулуш участкасында айыл өкмөттүн эски имараты жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, бала бакча ишке берилди. Имарат заманбап шарттар менен бүткөрүлүп демөөрчүлөрдөн, айыл элинен жана Бишкек шаарында жеке ишкердик менен алектенген "Алай айымдар коому" тарабынан балдар үчүн оюнчуктар жана эмеректери алынып берилди.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн №44 Арча-Булак мектебинин спорт залынын ачылуу аземи болду. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 15 миллион 334 миңге (узуну 24 метр, туурасы 12 метр) болгон спорт зал жана 3 галерея классы менен толук бүткөрүлүп, ишке берилди. Заман талабына ылайык шарттар түзүлүп, жуунуучу, кийим кийүүчү жайы менен салынган.
Ошондой эле Талды-Суу айылында бала бакчанын кошумча имараты ачылды. Бала бакчанын эски имараты толугу менен жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 900 миң сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ишке берилди. Андан сырткары айыл эли үчүн бала бакчада жаңы жумуш орундары түзүлүп, балдар үчүн кошумча тайпалар ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rususu

28.08.2021. 14:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.