super.kg logo

Бишкекте жаңы ачылган паркта Улукбек Марипов волейболчулар менен жолугуп, сыйлык тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орто Азия чемпиондугунун байгелүү орундарына ээ болгон өлкөнүн волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү менен жолукту.

Улукбек Марипов спортчуларды куттуктап, чың ден соолук, бакыт, спортто жана жашоодо чоң жеңиштерди каалаганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Волейболчулардын мыкты чеберчилиги жана жакшы оюну, машыктыруучулардын профессионалдуулугу командага волейбол биздин өлкөдө тез өнүгүп жатканын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Мен ар бир спортчуга кызыктуу жана адилеттүү спорттук күрөш үчүн, жаркын жеңиш үчүн, өлкө менен сыймыктануу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк үчүн рахмат айткым келет. Силер күйөрмандарга чыныгы майрам тартууладыңыздар. Бул жеңиш дүйнөлүк аренада дагы жакшы жыйынтыктардын башталышы болот деп ишенем", - деп спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, жолугушуу Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак - экинчи этап” жаңы паркынын ачылышынын алкагында өттү.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 14-24-августунда Өзбекстанда өткөн волейбол боюнча Орто Азия чемпиондугунда өлкөнүн эркектер командасы күмүш, аялдар командасы коло медалга ээ болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
29.08.2021. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Марипов жакшы иштеп жатат.
29.08.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи баары эле иштешет арасындагы бир карын майды чириткен кумалактарды эске албаганда..
29.08.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ооба, азыркы бийлик элге салыштырмалуу жакыныраак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: